Маданият
Ксения Собчак: Мен коронавирус жуктургам

«Катуу оорудан турбай жатып калгам » — МК.
Ксения Собчак күйөөсү Константин Богомолов менен инстаграм-эфирге чогуу чыккан учурда, коронавирус менен ооруганын айтты. Бул тууралуу Vazhno. ru порталы 31-мартта маалымдады.
Ал декабрдын башында «катуу оорудан турбай жатып калганын» айтты. Собчактын сөзүнө караганда ал өмүрүндө эч качан өзүн мынчалык жаман сезип көргөн эмес. “Керебеттен турууга дарманым келбей калган” дейт. Анын оорусунун симптомдору: температурасы көтөрүлгөн, жөтөл, дене-боюу “сынып” ооруган.
Врачтар Ксенияга атипичная пневмония деген диагноз коюшкан. Аны антибиотиктер менен дарылашып, адреналин тамызышкан. Андан соң Собчактын үнү жоголуп, такыр чыкпай калган. Атайын көнүгүүлөр менен гана калыбына келтирген.
Abal.kg



