Коом
Тогуз дарыгер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды

Бүгүн, 4-апрелде, Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстандын аймагында коронавирус жуктуруп алган дарыгерлердин саны тогузга жеткенин кабарлады.
Алардын жетөө Жалал-Абад облусунда, бирөө Бишкек, дагы бирөө Ош шаарында эмгектенет.
«Тилекке каршы, коронавирус жуктуруп алгандардын арасында медицина кызматкерлери да бар. Кечээ алар 8 болчу бүгүн дагы бирөө кошулуп, тогузга жетти. Алардын баары коронавирус алып жүрүүчүлөр», — деп министрликтен кабарлашкан.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда 144 адам коронавирус жуктурганы аныкталды. Анын ичинен алтоо айыгып чыккан. Тилекке каршы, вируска кабылган Ноокат районунун 61 жаштагы тургуну 2-апрелде көз жумду.
Abal.kg



