Окуялар

Ноокат районунда эки үйгө чагылган түштү

Ноокат районунун Мирмахмудов айыл өкмөтүндөгү эки үйгө чагылган түштү. Бул маалыматты жергиликтүү тургундар беришти.

Окуя 7-апрелге караган түнү Үч-Кемпир айылында болгон.

Чагылган эки үйдүн дубалын жарып, ошондой эле 8 үйдүн электр чубалгылары, жарыктандыргычтары күйүп кеткен.

«Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн адистери келип, материалдык зыянды эсептеп кетишти», — деди алар.

Жабыркагандар жок.

Эки көчөдөгү катар турган жалпы 10 үй жабыркаган. Ажатканага кеткен электр чубалгысы аркылуу тосмо менен жанаша жайгашкан көчөдөгү үйлөргө өткөн. 10 үйдүн тең электр эсептегичтери жараксыз болуп калды. Чагылган биринчи түшкөн үйдө үй ээсинин апасы гана болгон. Ал үйдө болгону үчүн жабыркаган эмес. Ал эми катуу жабыркаган экинчи тамда алты балалуу келин жашачу.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button