Айзада Жамгырчиева: Арманым аттын башындай, Таласта гана болуп калдым…(видео)

Кечээ кыргызстандыктарды ашата сөгүп, милиция менен урушкан кыздын видеосун көргөн теле алып баруучу Айзада Жамгырчиева инстаграм баракчасынан ал кызга кайрылуу жасады:
Ал: “Карантин болсо дагы баары сонун. Бирок, менде бир арман бар да. Арманым менен бөлүшөйүн дедим достор. Мен “просто” Таласта болуп калдым да. Мен Таласта болбогондочу… ошол кыздын эки бутун эки жакка чачыратып, прогиб чаап салмакмын. “сасыктар” деген тилин төрт жакка бөлүп, “пачагын” чыгарып салмакмын. Просто мен Таласта болуп калдым да”,- деп тамаша иретинде айтып соңунда “Өздөн чыккан өрт жаман” ошондуктан, экин сөздүн башын орусча бириктирип алган соң, “мен кыргызча түшүнбөйм, кыргызча үйрөт, кыргызча сүйлө”,- деген кыргыз сымал инсандардан Кудай сактасын”,- деди ал.
Abal.kg