Комендант: Дыйкан жана фермерлерге чарба техникаларынын тоскоолсуз өтүшүнө көмөктөшүүдө

Жалал-Абад областынын жана өзгөчө абал киргизилген Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун аймагында коомдук саясий абал туруктуу жана көзөмөлдө болду.
2020-жылдын 15-апрелинен 16-апрелге караган бир сутка ичинде областтын аймагында баары болуп – 24 кылмыш окуялар катталган болсо, алардын ичинен – 4 кылмыш окуялары коменданттык саат киргизилген аймактарга тиешелүү. Оор жана өзгөчө оор кылмыштар катталган жок.
Андан сырткары коменданттык сааттын талаптарын бузуп, түнкү мезгилде коомдук жайларда жүргөн ушул күнгө чейин жалпы — 1343 жаран кармалып ШРИИБге жеткирилген болсо, анын ичинен сутка ичинде коменданттык сааттын эрежелерин бузган Жалал-Абад шаарынан — 3 атуул коменданттык сааттын эрежесин бузгандыгы үчүн ШРИИБге жеткирилип, айып пулдар салынган. Ал эми күчөтүлгөн алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чараларынын натыйжасында сутка ичинде жалпы – 59 атуул ШРИИБге жеткирилип алар менен тиешелүү жумуштар жүргүзүлгөн жана 88 автоунаа айып аянтчасына коюлган.
Брифингтин соңунда элге кайрылуу жасап, — «Жаз жарыш күз күрөш», » жаздын бир күнү жылга тете» — демекчи айыл- чарба иштери токтобош керек, а эл эми комендатура дыйкан жана фермерлерге чарба техникаларынын тоскоолсуз өтүшүнө көмөктөшүүдөбүз.
Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендантурасынын басма сөз кызматы



