Коом

Бишкектин батыш тарабында 5 күн газ болбойт

Бишкектин батыш тарабында 5 күн газ болбойт. Бул тууралуу «Бишкекгаз» газ кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Бакаев көчөсүндө жол оңдоо иштерине байланыштуу 15-апрелден 19-апрелге чейин төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт:

Васильевский тракт, Фучик көчөсү, Профсоюзная көчөсү, Ден Сяопина көчөсү, Патрис Лумумба көчөсү, Лев Толстой көчөсү, Матыев көчөсү, Ала-Арча дарыясы.

«Бишкекгаз» газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button