Пандемиядан кийин керек болчу кесиптер кайсылар? Эксперттердин пикири

Прогрессивдүү билим берүү Институтунун адистерининин пикирлерине таянып, RT порталы пандемиядан кийин кайсы кесиптердин керек болоорун атады, деп билдирди 5-майда РИА Новости.
Өтө кыйын кырдаалда ишканалардын ишин алдыга жылдыра турган анткризистик консультанттарга суроо-талап өзгөчө күчөйт. Ошондой эле жеке финансы маселеси боюнча консультанттарга да суроо-талап жогору болот.
Компанияларды санариптештирүү жана кызматкерлерди оолактан иштетүүгө (удаленка) өтүү диджитализация (санариптештирүү трансформациясы) процесстеринин эксперттерине, программисттерге, SMM жана контент-менеджерлерге, ошондой эле убакытты уюштуруучу адистерге муктаждык өсөт.
Иш берүүчүлөр колл-борборлордун консультанттарын, интернет-дүкөндөрдүн кызматкерлерин жана курьерлерди (айдоочулар жана жеткирип берүү диспетчерлери менен бирдикте) издей башташат.
Россиялыктардын өз саламаттыгына жана жакындарынын (улгайгандар менен кошо) ден соолуктарына кам көрүүсү, жалпы практикалык дарылоочу онлайн-врачтарга жана багуучуларга (сиделки) болгон суроо-талапты жогорулатат
Изоляциянын көпкө созулушу психологдорго болгон муктаждыкты өстүрөт.
Экспреттердин айтымында турмуш-тиричилик адистери — сантехниктер, эмерек (мебель) куроочулар, фотографтар да ишсиз калышпайт.
Abal.kg