Коом

Биз сыймыктанабыз жана эч качан унутпайбыз! Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын куттуктоосу (фото)

Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата Кыргыз Респбликасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин куттуктоо иш-чараларын өткөрүүдө.

2020-жылдын 9-майында КР КК ГШ башчысы генерал-майор Р.Дуйшенбиев баш болгон аскердик огандардын башчылары Бишкек шаарында жашаган  Улуу Ата Мекендик согуштун  катышуучулары Аспек Джумалиев,  Омутай Эгимбаев, Иван Трифонов, Юрия Крупин, Николай Головин, Олег Краморенко, Асад Гасан-оглы Гасанов, Асек Урманбетов, Михаил Сдельниковдорду куттукташты.

Жер жүзүнө тынчтык алып келген үчүн   жылуу куттуктоо сөздөрдү менен бирге баатыр-ардагерлерге  Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбековдун атынан “1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик  согуштагы Жеңишке 75 жыл” юблейлик медалдарын тапшырды.  Ошондой эле, ардагерлерге Россия Федерациясынын Президенти тарабынан берилген «75 лет Победы в Великой Отечественной войне 1941-1945 годов» мадалы жана аскер кызматчыларынын талаа аскер баштыгы тапшырылды.

Республикадагы эпидемиологиялык кырдаалга жараша ардагерлдерди куттуктоо санитардык-гигиеналык талаптарпды  сактоо менен өттү.  Алардын урматына жашаган аймактарында согуш жылдарындагы ырлар аткарылды. Ал эми кечинде Жеңиш аянтында майрамдык солюттар жаңырмакчы.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button