Кытай менен Мексикага коронавирус формасындагы мөндүр жаады

Мексиканын Нуэво-Леон штатында коронавирус формасындагы мөндүр өзгөчө мөндүр жаады. Бул туурасында 18-майда Daily Mail билдирди деп, Lenta.ru маалымдады.
Мөндүрдү өз көзү менен көргөндөр коронавирустун тикенектерине окошош форманы баамдашканын айтышат. Мындайды мурда көрбөгөн, коркуп кетишкен жергиликтүү эл, бул мөндүрдү эпидемиянын учурунда «Кудай үйдө олтургула деп жиберген белгиси» деп эсептешет.

Табияттын ушундай эле кубулушун жер шарынын карама-каршы тарабынан да баамдашкан. Twitter пайдалануучу Arlene Lee, 18 – майда Кытайдын Циндао шаарына түшкөн «коронавирус» мөндүрүнүн фотосун өз баракчасына чыгарган.
Бүткүл Дүйнөлүк Метеорологиялык Уюмдун метеорологу жана консультанты Жозе Мигель Винас, соцжелеге чыккан сүрөттөрдү изилдеп көргөн. Мында эч кандай акылдан тыш эч нерсе жок, дед ал: катуу штормдардын учурунда ар кайсы чоңдуктагы мөндүрлөр бири-бирине урунушуп, сынып жана кайра жабышып, ар кандай, ойго келбес формаларга айланып калышат.
Abal.kg



