Коом

Бишкек – Нарын – Торугарт жолуна кар көчкү түшүп, жол жабылды

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 304-чакырымындагы Кара-Үңкүр участкасында кар көчкү түштү. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, учурда жол убактылуу жабылды.

Жол тейлөө ишканалары тарабынан ыкчам түрдө керектүү техникалар тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Жолдун абалы тууралуу кошумча маалымат берилет.

Тектеш кабарлар

Back to top button