Пайдалуу кеңештер

Сагыз чайнагандын пайдасы жана зыяны тууралуу билесизби? (видео)

Сагыз чайнаганда ооздогу тамактан кийинки жагымсыз жыттарды кетирип,  тиштерге пайдалуу таасир этет. Тамак жегиси келтирип, табитти ачат. Жарнамаларда сагыз чайнаганда жаркыраган аппак тиштерди көрсөтөт эмеспи. Сагыз чайнаганда чындап эле ошондой жалтырак тишке ээ болосузбу?  Сагыз чайноонун пайдалуу жана зыяндуу да жактары бар. Ал тууралуу билип алыңыз:

Сагыз арыктоого жардам берүүчү кошумча каражат. Сагыз чайноо менен биз тамак жегенди анчалык көп эңсебей калабыз.  Андан тышкары зат алмашууну тездетет. Сагыз чайноонун дагы бир жакшы жагы – эске тутууну жакшыртат. Эстен чыккан эски нерселердин кайра эске түшүшүнө жардам берет.

Тамактан кийин сагыз чайнаганда тиштин бүйлөсүндө калган  тамак калдыктарын тазалап, ооздогу жагымсыз жытты кетирет. Ошондуктан түшкү тамактан кийин жолугууга бара тургандар сагыз чайнап алса жакшы. Сагыз чайноо менен адамдын психологиясы тынчтанып, өзүнө  ыраазы болуу сезимине бөлөйт. Андыктан кайгы-капага баткандар көбүрөөк сагыз чайнашы керек.

Тишке кариес (курт түшүүсү)  эч кандай жардам бере албайт. Ал тургай тишке кариес түшүүсүнө алдын алууга да жардам бербейт. Андыктан жарнамалардагы жалган маалыматтарга ишене берүүнүн кажети деле жок. Сагыздан жардам күтпөй тиш доктурга барыңыздар. Сагыз эч убакта тиш щетканы жана пастаны алмаштыра албайт.

Ал эми сагыз чайноонун кандай зыяны  бар экенин видеодон көрүңүз:

Видет Канат Шерипбековго тиешелүү

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button