Окуялар
Кувакы ашуусунда жол кырсыгы катталып, 9 адам жаракат алды
Кочкор районунда, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы жол кырсыгынан тогуз адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Кырсык 23-июнда Кувакы ашуусунда болгону такталды. Хонда Степвагон унаасынын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен.
«Кырсыктын кесепетинен беш чоң киши жана төрт бала жабыркады. Алардын бардыгы тез жардамдын дарыгерлерине өткөрүлүп берилди », – деп кошумчалашты министрликтен.



