Кара-Кулжадагы эс алуучу жайларда коопсуздук чаралары боюнча түшүндүрүү иштери улантылууда(ФОТО)

Кара-Кулжа районунун аймагындагы эс алуучу жайларда райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Ош облусунун аймагында жаш өспүрүмдөр сууга түшүп каза болгон 8 учур катталган.

Ошондуктан мындай өкүнүчтүү окуяга жол бербөө максатында Кара-Кулжа районунун Тогуз-Булак, а/а, Кашка-Жол, а/а, Кара-Кочкор а/а жана Ылай-Таала айыл аймактарынын аймагындагы эс алуучу жайларындагы эс алуучуларга жана жашоочуларга сууга түшүү учурунда коопсуздукту сактоону, жаш өспүрүмдөрдү кароосуз калтырбоону жана санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди так сактоо боюнча талаптарды так аткару боюнча түшүндүрмө беришип нускамаларды таркатышты.

Ал жердеги элдерге жайкы эс алуу мезгилинде сууга чѳгүү кырсыктарын алдын алуу максатында ата-энелер ѳз балдарын кандай гана учур болбосун кароосуз калтырбоону эскертишти.
Мындай иш чаралар тынымсыз жүргүзүлүүдө.
Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы



