Окуялар

14 жаштагы өспүрүм эки жумадан бери дайынсыз (СҮРӨТ)

Эки жумадан бери дайынсыз жоголгон 14 жаштагы Мамасабиров Белек Маркабаевич изделип жатканын Чүй ОИИББдин маалымат кызматы билдирди.

Өспүрүм Аламүдүн районундагы Өскөн-Ордо жаңы конушунда жашайт. Ал ушул жылдын 14-июнунда үйдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. 


Белгилери: бою 150-155 сантиметр, сөөктүү, чачы кара, кыска, кой көз, мурду түз. Ошондой эле оң далысы менен колунда күйүктөн калган тырык бар. Бала кара футболка, жашыл спорттук шым, кара кепка жана бутуна жеңил бут кийим кийип чыккан.

Милиция изделип жаткан өспүрүм тууралуу маалыматы барларды төмөнкү номерге кабарлап коюуну өтүнөт:

  • Чүй ОИИББдин нөөмөт бөлүмү — (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85;
  • Аламүдүн РИИБ — (0312) 36-35-27, (0312) 36-35-23, (0709) 21-18-08, (0550) 34-33-63, (0778) 00-09-99 (издөө тобу).

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button