Саясат

Жогорку Кеңештин депутаттары каникулга тарады

Төрага Дастан Жумабеков 2019-2020-жылдагы сессиялык мезгилде парламент тарабынан 136 мыйзам, 614 токтом кабыл алынганын билдирди. Ошондой эле жарандардын 15 372 кайрылуусу каралып, шайлоочулар менен 29 миңден ашуун жолугушуулар өткөрүлгөнүн айтты.

Андан соң ал Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын 7-сессиясын жабык деп жарыялады.

Каникулга тараган депутаттар 1-сентябрда кайрадан ишин жандантып, шайлоого 25 күн убакыт калганга чейин иштешет.

Белгилей кетсек, быйыл Кыргызстанда парламенттин VII чакырылышына шайлоо 4-октябрга белгиленген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button