Бишкекте күндүзгү стационарлар саатына 700 кишиден тейлей башташат
Бишкекте күндүзгү стационарлар борбордун төрт районунда тең иштей баштайт. Алар саатына 700 кишиге чейин тейлешет. Бул туурасында республикалык штаб билдирди.
Алардын маалыматы боюнча, бул борборлор ОРВИ (курч респиратордук инфекциялар) менен пневмониянын жеңил жана орточо формаларын дарылоого багытталган. Бул жерде тамчылатма дары (капельница) алса болот. Бүгүн кечке чейин борборлорду ачуу даярдыгы бүтөт.
«Бишкектеги убактылуу борборлор «Газпром» физкультура-ден соолукту чыңдоо комплекстеринин жана Раатбек Санатбаев атындагы борбордун, спорт Сарайынын жана Түштүк магистралдагы чиркөөнүн жанындагы наавайкананын базаларында ачылат», — деп белгилешти республикалык штабда.
Коронавирус жана пневмония менен ноокастагандардын көпчүлүгү Бишкекке туура келет. Пневмония менен сыркоологондордун басымдуу бөлүгүн ооруканаларда орун жетишпегендигине байланыштуу жаткырып дарылоого мүмкүнчүлүк жок.



