Коом

Бүгүн Бишкекке дүйнөнүн 18 өлкөсүнөн 341 кыргызстандык келди

Бүгүн Бишкекке Түркия аркылуу бир катар алыскы чет өлкөлөрдө жүргөн 341 кыргыз жараны алып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Стамбул — Бишкек — Стамбул багыты боюнча чартердик каттамды аткарган Turkish Airlines компаниясынын учагы транзит аркылуу АКШ, Канада, Бразилия, Түштүк Корея, Чехия, Греция, Албания, Болгария, Венгрия, Словакия, Франция, Украина, Румыния, Швейцария, Италия, Испания, Германия, Польша жана Эфиопия өлкөлөрүнөн келе жаткан жарандарды мекенине жеткирди.

«Түркия чет элдик жарандарды киргизүү боюнча чектөөлөрдү жоюп, эл аралык аба каттамдарын жандантканына байланыштуу жогорудагы өлкөлөрдө жүргөн жарандар бул мамлекет аркылуу учуп келишти», — деп айтылат билдирүүдө.

Чет өлкөлөрдө окуп, иштеп жаткан кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу боюнча аракеттер улантылууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button