Дүйнө

COVID-19га каршы вакцинага Билл Гейтс пикирин билдирди

Соопчулук фонду COVID-19 менен күрөшүү үчүн 300 миллион доллар бөлгөн Microsoft корпорациясынын негиздөөчүчү Билл Гейтс,  коронавируска каршы иммунитет пайда болушу үчүн адамдарга вакцинанын бир эмес бир нече дозасы талап кылынышы мүмкүн деп айтты. Бул тууралуу CBS News телеканалы билдирди, деп 23-июлда РИА Новости маалымдады.

«Азыркы учурга карата, кандай вакцина болбосун бир жолку дозасы менен таасир бере турганга окшобойт. Башында ошентип ойлогонбуз», — деп айтты Гейтс, телеканалга берген интервьюсунда.

Ошол эле учурда, ал кайсы бир вакцина, өзгөчө экинчи муундагысы, болочокто «таң калтырышы» ыктымал экенин да белгиледи.

«Биз бар болгону экөө гана (доза) жетиштүү деп үмүт кылабыз. Бирок, улгайган адамдарга келе турган болсок, аларга андан да көбүрөөк талап этилиши мүмкүн», — деди Microsoft корпорациясынын негиздөөчүсү, канча доза вакцина талап этилиши ыктымал деген суроого жооп берип.

Билл менен Мелинда Гейтстердин  фонду Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (БДССУ) дүйнөдөгү эң ири экинчи донору болуп саналат. 2018—2019-жылдары уюмдун бюджетинин 9,76%ин камсыздаган. Фонд дары –дармектерди жана вакциналарды чыгарууну каржылайт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button