Дүйнө
Европанын жана башка өлкөлөрдүн врачтарынын тобу онлайн-консультация башташты
Европанын жана дүйнөнүн башка мамлекеттеринин демилгелүү врачтарынын тобу коронавирус эпидемиясынын учурунда бекер онлайн-консультация өткөрүп турушат.
Консультация алыш үчүн кайрылууну сайтта же WhatsAppта калтырса болот..
«Сиз менен биздин врачтар сөзсүз байланышат, консультация өткөрүшөт, дарыланганга кеңеш беришет жана зарыл учурда сиздин абалыңызды көзөмөлгө алып турушат», — дешет демилгелүү топ.
Медиктер өзүн-өзү дарылоодон улам, оору өтүшүп кетпеш керек экенин өзгөчө баса белгилешет. «Бул, үйдө дарылануу туура терапияны пайдалануу менен өтүшү үчүн, биз сиздин абалыңызга өз учурунда баа берип жана кайсы убакта ооруканага жатуу керектигине кечиктирбей кеңеш берүү үчүн», — деп кошумчалашкан демилгелүү топтогулар.


