Он күндөн бери дайынсыз. Өспүрүм эже-сиңди изделүүдө

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Аук айылында жашаган 15 жана 16 жаштагы эже-сиңди изделүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, бир туугандар 18-июль күнү Кочкор-Ата шаарынан үйгө барабыз деп чыккан бойдон дайынсыз.
«Учурда Нурзада жана Нурзиянын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт», — деп айтылат маалыматта.
Нурзада Сабырбекованын өзгөчө белгилери: бою 140-145 сантиметр, ак жүздүү, кашы, көзү кара, чачы кара, узун.
Кийген кийими: кызыл түстөгү көйнөк.
Нурзия Сабырбекованын өзгөчө белгилери: бою 160-165 сантиметр, ак саргыл, чачы күрөң, кыска.
Кийген кийими: көк түстөгү көйнөк.
Милиция бул кыздарды көрүп калгандар болсо кабарлап коюуну өтүндү. Телефондор: (03734) 5-05-44, 0553 78 00 78, 0500 14 00 06, 0770 14 00 06.



