Дайынсыз болуп, издөөдө жүргөн өспүрүм кыздар табылды

Буга чейин 2004-ж.т. С.Н. жана 2005-ж.т. С.Н. 2020-жылдын 18-июль күнү Кочкор-Ата шаарынан үйгө кетебиз деп чыгышкан бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат жарыяланган.
Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жарыяланган маалыматтан соң бир тууган кыздардын болжолдуу жүргөн жери аныкталган. Ноокен РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө, издөө иштеринин натыйжасында өспүрүм кыздар Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынан табылып, Ноокен районуна алып келинип, апасына өткөрүлүп берилген. Кыздарды сураган учурда Кызыл-Кыяга тааныштарыныкына кетип калгандыгын билдирген.
Өспүрүмдөрдүн апасы кыздары аман табылганына сүйүнүп, милицияга жана жакындан колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирди.
Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы


