Коом
Ысык-Көлдө браконьерликке каршы иштер күчөтүлүүдө

2025-жылдын 21-октябрында Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл бакшармылыгы жана Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы Ысык-Көл акваториясында Чоң-Өрүктү, Өрүктү жана Жаркынбаев айылдарынын аймагында көл үстүнөн мыйзамсыз орнотулган синтетикалык торлорду тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Иш-чаранын жыйынтыгында болжол менен 1300 метр эски торлор алынды.


Ал эми эртеси, 22-октябрында Ысык-Көл аймагында көл үстүнөн мыйзамсыз орнотулган синтетикалык торлорду тазалоо иштери жүргүзүлүп, болжол менен дагы 2100 метр эски торлор алынды.



