Курманбек Бакиев Белоруссиядан кетүүгө камданып жатабы?

Интернет колдонуучу Садырбек Калдарбаевдин «Акыйкат» тобуна, Курманбек Бакиевдин Белоруссиядан жер которуштуруп кетүү ниети бар экени тууралуу жазган посту тарады.

«Белоруссияда президенттик шайлоо өткөрө коюп, адатымча президент боло коем деди эле, жыйырма алты жылдан бери уктап жаткан белорустар ойгонуп, Александр Лукашенконун кезектеги аферасына аябай чоң бөгөт койду. Бир жумадан ашык эл нааразылык акцияларына чыгып, көптөгөн ири-ири завод-фабрикалардын жумушчулары иш ташташып, Александр Лукашенкону жолугушууга келген жеринен айдап чыгып, айтор «Европанын акыркы диктатормунун» деп ченебей мактанып жүргөн неменин айласы алты кетип, ээрден көчүгү кыйшайып калды.

Жан досунун айласы куруп турганын сезген Курманбек Бакиев да, каякка кетсем деп, катуу ойлонуп жаткан кези экен деген кептер айтыла калып жатат. Шамал болбосо чөптүн башы каяктан кыймылдасын. Лукашенконун тагдыры кылдын кырында турганда, ырастан эле Курманбек Салиевич, каякка бараарын пландаштырып жаткан кербези окшойт. Ананчы, Лукашенко бийликтен кетип ордуна оппозиция келип калса, Курманбек Бакиевди Кыргызстандын бийлиги колубузга салып бергиле дей баштайт да. Андай болоорун алдын ала сезген Курманбек Бакиев бара турган жерин тандап жаткан учуру экени ырас да. Чыга калып жаткан кептердин төркүнү ошол болсо керек. Дегинкиси Кыргызстандан качып Белоруссияга башпаанектегендерге бул саам жаман эле болду».



