Окуялар

Чүйдө бир заматта 5 адамдын өмүрүн алган кырсык катталды

Токмок шаарына жакын жерде 2 унаа кагышып, 5 киши каза болду. Бул тууралуу Чүй ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.  Маалыматка караганда, 2025-жылдын 9-сентябрында саат 19:30 чамасында Токмок—Кошой унаа жолунун 3-чакырымында ири жол кырсыгы катталды. 

Алдын ала маалымат боюнча, 1954-жылы туулган Т.О.У. оң рулдуу күмүш түстөгү «Toyota Wish» үлгүсүндөгү унаны түштүктөн түндүктү көздөй башкарып келе жаткан. Ошол учурда карама-каршы тилкеге чыккан 1975-жылы туулган И.Н.А. башкарып бараткан «Subaru Ascent» үлгүсүндөгү автоуна сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен «Toyota Wish» унасынын айдоочусу жана жүргүнчүлөр окуя болгон жерден каза болушкан.

Алар: 

1964-жылы туулган Т.О.У.

Ж.С.З. — 1993-жылы туулган А.К.Д.

1993-жылы туулган Ж.К.О.

2014-жылы туулган М.М.

Мындан сырткары, 3 адам тез жардам кызматы менен Чүй райондук аймактык ооруканасына жеткирилген.

Алар: 

 «Subaru Ascent» унасынын айдоочусу 1975-жылы туулган И.Н.А. 

1979-жылы туулган Б.Г.М.

1990-жылы туулган К.Ш.М.

2012-жылы туулган М.Г.

Тектеш кабарлар

Back to top button