Окуялар

Казакстанда төрөт үйүнөн качып кеткен аял даракка асынып алды

Акыркы кездерде коронавирус илдетин жуктурган аялдар өз өмүрүнө кол салган учурларда  катталууда. Кыргызстанда да вирус жуктурган жаңы төрөгөн аял  2-3 кабаттан секирген факты катталган.

Ал эми Казакстандын Акмола облусунда кош бойлуу аял төрөп, төрөт үйүнөн качып кетип асынып алганы тууралуу жергиликтүү ММК булактары жазып чыгышты.

“27-августта саат 19:00 чамасында издөө иштеринин жүрүшүндө перинаталдык борбор менен шаардык оорукананын аймагында дайынсыз жоголгон аял жугуштуу оорулар ооруканасынын артындагы даракка асынган абалда табылган. Аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталып, Казакстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) менен катталды. Соттук медициналык экспертиза дайындалды”,- деп билдирет Акмола облусунун полиция департаменти.

Эскерте кетсек, коронавирус илдети каптаган дүйнө жүзүндөгү кош бойлуу аялдардын вирус жуктуруп алып, өз өмүрүнө кол салган учурлар да катталган. Ошондон улам баардык аймактарда психологдор күнү-түнү иштеп жатышат. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button