УКМК: Таймурас Ташиевдин атын сатып, чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет жасаган жаран кармалды — ВИДЕО

2023-жылдын 22-июлунда Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кыргыз-казак тилкесиндеги чек аранын “Актилек-автодорожный” өткөрүү пунктунда мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет жасаган жаранды унаасы менен токтотту.
2023-жылдын 22-июлунда болжол менен саат 02:30дар чамасында «Актилек-автодорожный» өткөрүү пункту аркылуу «Тойота Лэнд Крузер» үлгүсүндөгү унаа чек ара сызыгына баш ийбей, каршы тилкеде өткөрүү пунктунун аймагынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган. Көрүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө «Тойота Лэнд Крузер» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, Кыргыз Республикасынын жараны «С.А.Э.» токтотулган.
КР УКМКнын маалыматына ылайык, кармоо учурунда «С.А.Э.» аттуу жаран жоопкерчиликтен качуу максатында, КР УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Камчыбековичтин таанышы болом деп аскер кызматкерлерин коркуткан.
КР УКМК тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында «С.А.Э.» аттуу жаранга карата Кылмыш-жаза кодексинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 378- беренеси боюнча (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү) кылмыш иши козголду.
2023-жылдын 22-июлунда «С.А.Э.» аттуу жаран КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык КР УКМКнын СИЗОсунун убактылуу кармоочу жайына отургузулду, — деп билдирди Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз борборунан.





