Окуялар

УКМК: 12 миң доллар талап кылган Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы кармалды

Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан  сот тутумундагы коррупциялык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин жүрүшүндө, 2024-жылдын 20-мартында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан козголгон кылмыш иши боюнча Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы К.А.К. жана ортомчу болуп иштеген адвокат Г.М.В. өзгөчө ири өлчөмдө, тактап айтканда 12 миң АКШ долларын опузалап пара талап кылгандыгы аныкталган.

Жүргүзүлүп жаткан атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө судья жактоочу менен жашыруун сүйлөшүү  жүргүзүү максатында, видеокөзөмөл камералары жок болгон жерлерде, тагыраагы өзүнүн дааратканасында жолугушууларды өткөргөндүгү, ал жерде соттук актыларды алардын пайдасына оң чыгаргандыгы үчүн айрым айыпталуучулардан алган акчалай сый акыларын өз ара бөлүштүргөндүгү такталган.

Үстүбүздөгү жылдын 21-мартында судья К.А. К. Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун токтому менен 20-майга чейин КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.     

Учурда УКМК Кыргыз Республикасынын  Жогорку сотунун жетекчилиги менен биргеликте сот бийлигиндеги коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button