Коом

ИИМ: Коррупцияга каршы күрөш системалуу жана ведомстволор аралык мүнөзгө ээ

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Акыркы убакта маалымат каражаттарында укук коргоо органдарынын ишин координацияланбаган жана карама-каршы көрүнүш катары чагылдырууга аракет жасаган маалыматтар көбөйүүдө.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги мындай түшүндүрмөлөр иштин чыныгы абалын чагылдырбайт деп белгилейт.

Мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштер системалуу негизде жана колдонуудагы мыйзамдардын алкагында жүзөгө ашырылат. Жоопкерчиликтин сөзсүз карала турган принциби алардын кайсы ведомствого таандык экенине карабастан бардык кызмат адамдарына бирдей колдонулат.

Ушуга байланыштуу Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана прокуратура органдары тарабынан жүргүзүлүп жаткан ыкчам-тергөө иш-чаралары мамлекеттик институттарды тазалоого жана жарандардын ишенимин жогорулатууга багытталган координацияланган иштин жыйынтыгы болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевич коррупцияга каршы күрөш мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты экендигин бир нече жолу айтып, мыйзам бузуу фактыларына катуу укуктук баа берилүүсү зарыл экенин белгилеген.

Буга чейин, үстүбүздөгү жылдын 18-апрелинде массалык маалымат каражаттарынын көптөгөн суроолоруна жооп берип жатып, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков өз маегинде Ички иштер министрлигинин тутумунда коррупцияга каршы күрөш ырааттуу жана принципиалдуу түрдө, кызмат ордуна жана наамына карабастан жүргүзүлүп жатканын өзгөчө белгилеген.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги мыйзамдуулукту чыңдоого, кызматтын натыйжалуулугун жогорулатууга жана коом менен ачык өз ара аракеттенүүнү камсыз кылууга багытталган иш-чараларды мындан ары да улантат.

Тектеш кабарлар

Back to top button