Кудайдан эч нерсе жашыра албайсың. Накыл

Жөө кетип бараткан жолоочуну араба кууп жетет.
— Мени кошо ала кетпейсиңби? — дейт жолоочу арабакечке кайрылып.
— Ала кетейин, —дейт тиги.
Жолоочу арабага чыгып жайланышып олтурат. Экөө андан ары сапарын улашат. Керилип жаткан талаанын жанынан өтүп бара жатып, арабакеч чөптүн үймөгүн көрүп калат. Бир кучак чөп алып алгысы келип, бирок кимдир бирөө көрүп калбасын деп чочулап, жолоочуга кайрылат:
— Барып буудай алып алайын, а сен эки жакка көз салып тур. Эгер кимдир бирөө көрүп калса дароо мага белги бер.
Жолоочу тигинин сөзүн угат да, эч нерсе деп үн катпайт. Арабакеч үймөктү көздөй чуркап кетет. Бир кучак чөптү кучактап кайра артын көздөй жөнөйт. Жолоочу бирөө көрүп калды дегенсип, тигиге белги берет. Арабакеч коркуп кетип чөптү таштай салып, арабасына олтурат да, аттарын койгулакка алып, зуулдата жөнөп кетет. Талаадан алыстап кеткенден кийин арабакеч эки жагын караса, тегеректе эч бир жан көрүнбөйт.
— Сен мени алдаптырсың, — деп, арабакеч ачууланып жолоочуга тап берет. — Кана, ким көрдү менин чөп алганымды?
— Кудай көрдү, — дейт жолоочу, асманды көрсөтүп. — Ал баарын көрүп турат, андан эч нерсе жашыра албайсың.



