Коом

ВИДЕО: Камкордук жана мээримдүүлүк ташталган күчүктөрдү өлүмдөн сактап калды

21-июль күнү Ысык-Көл РИИБ боюнча жол коопсуздугун камсыздоо кызматынын башчысы Нурбек Абдрахманов Сары-Ой айылында кызмат өтөп жаткан учурда, ага жарандар кайрылып, жолдун боюна белгисиз адамдар коробканын ичине алты күчүктү таштап кеткендигин билдиришкен.

Көрсөтүлгөн жерге келген тартип сакчысы аба ырайынын ысыгынан чарчаган күчүктөр чаңкоодон кыйналып жатканын көргөн. Мындай шартта алар көпкө чыдай албасы анык эле. Анда милиция кызматкери ташталган күчүктөрдү коробка менен кызматтык унаасына салып, жаныбарларга мээрими бар адамдарды айылдан издей баштаган. Андай адамдар көпкө узабай эле табылып, ташталган күчүктөрдү кубануу менен кабыл алышты.

Эми алар ишеничтүү адамдардын колунда.

 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button