Ысык-Көл индустриалдык педагогикалык колледжи: Компетенттүүлүк аркылуу күчөтүлгөн стратегия

Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан Ысык-Көл индустриялдык-педагогикалык колледждин имараты реконструкциялоону баштады. Бул окуу жайы пилоттук колледж болуп саналат. Анын базасында алдыңкы тажырыйбанын Борбору калыптандырылат. Максаты – областтык эмгек рыногунун талаптарына жооп бере турган профессионалдуу деңгээлдеги орто билимдүү адистерди даярдоо. Эксперименталдык профессионалдуу стандарттарга таянып окуу программаларын ишке ашыруунун эң алдыңкы методологиялары жана практикалары пилоттоло турган компетенттүү негизде окутулат. Колледж жана анда жүргүзүлүп жаткан иш туурасында бул окуу жайынын директору Бактыгүл Жумабаева айтып берди.
-Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледж тууралуу айтсаңыз?
-Биздин колледж 1979-жылы Фрунзе курулуш техникумунун филиалы болуп уюштурулуп, 1986-жылы өз алдынча техникум болуп негизделген. Кыргыз Республикасынын региондогу Ысык-Көл областынын , Балыкчы шаарында жайгашкан Билим берүү министрлигинин алдындагы мамлекеттик орто кесиптик окуу жайлардын бири.
Кыргыз Республикасынын орто кесиптик окуу жайларынын арасынан тандалып, сегиз пилоттук орто окуу жайлардын катарына кирген биздин «Ысык-Көл индустриалдык – педагогикалык колледжи 2018-жылдан бери Билим берүү жана илим министрлигинин алдында ишке ашырылып жаткан, Азия өнүктүрүү банкы каржылаган «Инклюзивдик көндүмдөрдү өнүктүрүү» секторунун программасынын алкагындагы долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн колдоосу менен биргелешип иш жүргүзүп келе жатабыз.
-Сиздердин колледж — Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү көндүмдөрдүн өнүктурүү” долбооруна катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын орто кесиптик билим берүү мекемелеринин ичинен тандалып алынган сегиз орто билим берүүчү окуу жайлардын бири. Бул эмнени билдирет?
-Бул долбоордун программаларын ишке ашырууда пилоттук сегиз окуу жай, жаңылануунун негизги аспектилерин камтыган жана өлкөбүздүн, ошондой эле региондун социалдык –экономикалык өнүгүү стратегияларына таянып, эмгек рыногунун суроо талаптарына ылайык анализ жүргүзүлүп, көбүрөөк суроо-талап коюлган, артыкчылыктуу адистиктер деп эсептелген 16 адистик боюнча, толук колдоо көрсөтүлүп, окуу-өндүрүштүк комплекстери уюштурулуп жана бул окуу жайлар мындан «Алдынкы тажрыйба борбору» катары иш алып бармакчы.
«Алдынкы тажрыйба борбору» катары иш жүргүзүүдө, биз жогоруда айткан жаңылануунун негизги аспектилерин камтыган жана өзүнүн өнүгүүсүндө жаңыланууга жетишүү үчүн өнүгүү процессинин ар түрдүү этаптарында кабыл алынган коллеждин маанилүү, таасирдүү жана системалуу иш аракеттеринин болушу зарыл жана алардын аткарылышына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүлүп, жакшыртуу пландары киргизилип, жыйынтык чыгарылып, тиешелүү натыйжаларга жетишүү керек.
Окуу жайдын инфраструктурасы
Окуу жайдын ээлеген жалпы аянты 2 га. (20000м2). Окуу жай 3 имараттан турат, окуу корпус, административдик корпус жана жатакана. Бул проектте окуу жайдын жатаканасынан имаратына реконструкциялык ремонт иштери жүргүзүлүп жатаканада приоритеттик кесипчилик болуп тандалган туризм багытындагы “Мейманканаларда жана туристтик комплекстерде тейлөөнү уюштуруу” адиститигинин жана “ Автоматтык системаларды жана техникалык каражаттарды программалык камсыздоо” адистиктеринин окуу класстары, лабораториялары, медициналык кабинет, библиотекалык зал, информационный центр (гендер боюнча, карьердик борбор, бүтүрүүчүлөрдү иликтөө жана коомчулук мене н байланышуу), мугалимдер бөлмөсү, метод кабинет, студенттер үчүн эс алуучу болмолору жана МЧЖ (мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар) эсепке алуу менен 100 орундуу жатакана жайгашат.
Окуу жайда бардыгы 51 кызматкер эмгектенет, алардын ичинен 36 мугалим. 2020-2021-окуу жылында 422 студент билим алып жатат. Алардын ичинен 301 студент контрактык негизде, 121 студент бюджеттин эсебинен билим алышууда. Окуу жайда экономикалык, педагогикалык, техникалык жана туристтик багыттар боюнча 9 адистиктерде билим алып жатышат:
190701 “Автоунааларда жүк ташууну уюштуруу жана башкаруу”
080110 Экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактар боюнча
260903 Тигүү буюмдарын моделдөө жана конструкциялоо
050721 Дене тарбия
050709 Башталгыч класстарда окутуу
050704 Мектепке чейинки билим берүү
100105 Мейманканаларда жана туристтик комплекстерде тейлоону уюштуруу
210110 «Эсептөө техникаларын жана компьютердик тармактардын каражаттарын техникалык тейлөө»
230109 Автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникаларын программалык камсыздоо”
2020-жылдын март айынан башталган пандемия вирусуна байланыштуу Билим берүү жана илим министрлигинин алдында иштелип чыккан атайын Moodle платформасында билим берүү порталын колдонуп аралыктан окутуу уюштурулган. Окуу процессин үзгүлтүккө учуратпай жана сапаттуу билим берүү максатында окутуучулар менен студенттердин портал аркылуу байланышы жонго салынып, окуу бөлүмү жана системдик администратор тарабынан көзөмөл жүргүзүлүп туруу жетекчиликке алынган.
Билим берүүнү башкаруунун маалымат системасынын (ИСУО) www.emis.edu.gov.kg. бардык баскычтарын оз ичине камтыган, билим берүү системасында цифралаштыруу чөйрөсүндөгү маалыматтарды чогултуунун тездигин жогорулатуу максатында окуу жайда бирдиктүү маалымат системасы түзүлгөн.
Маалымат базасы негизги үч бөлүктөн турат жана билим берүү чөйрөсүнүн бардык зарыл болгон маалыматтары камтылган:
Мисалы:
1.Бардык студенттердин бирдиктүү маалымат базасы
2.Билим берүү уюмдарындагы эмгектенген бардык педагогдордун бирдиктүү маалымат базасы.
3.Менчигинин түрүнө карабастан бардык билим берүү мекемелеринин материалдык – техникалык жабдылышы жана инфраструктурасы боюнча толук маалымат базасы
Окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу ишин жүргүзүү үчүн , окуу классы жана вебинардык сабактарды жүргүзүү үчүн мультимедиялык класс, окутуучулар учун МЧЖ ны эске алуу менен жатакана , ашкана кухнясы менен жана сабакка даярдануу үчүн информациялык кабинеттер жасалат,
Жатаканын чыгыш тарабынын 1 – этажына Окуу өндүрүштүк комплекс жайгаштырылат. ОӨКде 18 орундуу 6 мейманкана номерлери, конференц зал, тамактануут жана кофе брейк бөлмөсү, кир жуучу жана, складдык бөлмөлөр, ресепшн жана резервация бөлмөсү жайгашат.
Окуу өндүрүштүк комплекси окуу процессинен тышкары отелдик номерлерди иштетип, кошумча киреше табышат. Андан түшкөн каражаттар окуу материалдарына кеткен чыгымдарды жабуу, отелдик номерлерди каржылоо жана кошумча 3-4 штаттагы кызматкерлердин эмгек акысын толоого ж.б зарыл керектөөлөргө жумшалат.
Окуу жай АБР дин долбоорунун каржылоосу жана долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн кызматкерлеринин колдоосу менен келечекте “Алдынкы тажрыйба борбору” болуп эсептелген колледж болот. АТБ негизги жети аспектини камтыган алдынкы колледж катары иш жүргүзөт. Бул негизги аспектилерди ишке ашырууда долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн (ОРП) кызматкерлеринин колдоосу менен б.а ар бир аспектидеги маселени чечүүдө тиешелүү семинар, тренинг, консультациялардын жардамы менен ишке ашырылат.
Аспектилери:
1)АТБ (ЦПО) орто жана узак мөөнөттөгү стратегиялык план менен иштейт. Ал планда регионду өнүктүрүү үчүн жергиликтуу башкаруу органы мене бирдикте кызматташып, эмгек ресурсунун потенциалын көтөрүүгө жана туризм сферсындагы тейлөөнү жана кызмат көрсөтүүнү жакшыртууга чон салым кошот.
2) АТБ өлкөнүн социалдык-экономикалык керектөөлөрүнө ылайык программаларды сунуштайт, б.а. туризм багытындагы тандалган адистик үчүн жаны окуу программаларын иштеп чыгат жана ишке ашырат жана ал кесипчиликте окуган жогорку квалификациялуу адистерди даярдап чыгат.
3) АТБ социалдык өнөктөштөр менен иш алып баруунун жана кызматташуунун ролун жогорулатат, б.а. иш берүүчүлөрдү окутуунун сапатын баалоого, окуу программаларын иштеп чыгууга катыштырат жана бүтүрүүчүлөрдүн, окуу жайдын потенциалын жогорулатат.
4) АТБ ишкердүүлүктү окутуу боюнча программаларды иштеп чыгат жана ишке ашырат.
5) АТБ компетенттүүлүккө негизделген окуу программаларды ишке ашырат.
6) АТБ инклюзивдик жана гендерди эске алуу менен окутуу үчүн билим берүү тармагында заманбап жеткиликтүү коопсуздукту камсыз кылат. б.а окуу жана жашоо шарттары үчүн бардык ынгайлуу шарттар түзүлөт.
7) АТБ студенттерге ар дайым академиялык жана социалдык колдоо көрсөтөт, кесипке багытто иштерин жыл бою жүргүзөт б.а студенттин теориялык билимин үзгүлтүксүз практика менен өндүрүштө тыгыз байланыштырып кесипке багыттайт, келечекте ишке орношууга мүмкүнчүлүк берет.
Ошондой эле АТБ орто кесиптик окуу жайлардын окутуучуларынын кесиптик өнүгүүсү үчүн борбор болуп эсептелет, б.а Ысык-Көл областындагы окутуучулардын кесиптик потенциалын жогорулатуу боюнча иш чараларды жүргүзүү үчүн логистикалык жана методикалык борбор катары кызмат кылат.
АТБ – бул башка колледждерден айырмачылыгы, коомдун жана өлкөнүн социалдык – экономикалык керектөөлөрүнө, эмгек рыногунун суроо – талаптарына жооп берген, орто кесиптик билим берүүдө, кесипкөй адистерди даярдоодо окутуу үчүн билим берүү тармагында заманбап жеткиликтүү коопсуздукту камсыз кылган жана билим алуу үчүн бардык ынгайлуу шарттары түзүлгөн, билим берүү кызматынын сапаттуулугу менен айырмаланган, жогорку потенциалдуу, көрүнүктүү алдынкы окуу жай .
Учурдан пайдаланып, сөзүмдүн аягында, бул долбоорду ишке ашырып жаткан Билим берүү министрлигине жана тиешелүү бөлүмдүн жалпы кызмакерлерине, долбоордун башкы менеджерине, Канат-Строй” дизайн компаниясына жана учурда иштеп жаткан “Авангард и КО” курулуш компаниясына өзүмдүн жана жалпы окуу жайдын жамаатынын атынан терен ыраазычылык билдирем.
Биз “Азия өнүктүрүү банкы” каржылаган долбоорго кирип жана кызматташып жатканыбызга терен ыраазыбыз жана абдан кубанычтабыз!



