Окуялар
Алайда жоголгон акчасы бар сумка ээсине кайтарылды

Ош облусунда Чыйырчык ашуусунда жоголгон ири суммадагы акчасы бар сумка аялга кайтарылды. Бул тууралуу 28 жаштагы тургун өзү «Мекендеш» порталына билдирди.
Анын айтымында, 24-май күнү ал Оштон Алай районундагы Сопу-Коргон айылына бара жаткан. Чыйырчык ашуусуна токтоп сүрөткө түшүп жатып, ичинде акчасы бар сумкасын жерге коюп унутуп кеткен.
Бул окуя социалдык тармактарга тарагандан кийин, белгисиз адамдар сумканын ээсине байланышып, акчанын баарын толугу менен кайтарып беришкен.
«Көрсө, жакшы адамдар абдан көп экен. Баарына абдан ыраазымын», — деген аял.



