Текебаев: Азыркы бийлик өткөндөн сабак алган-албаганын президенттик шайлоонун жыйынтыгында көрөбүз

Азыркы бийлик өткөндөн сабак алган же албаганын эки айдан кийин билебиз. Мындай ойду депутат Өмүрбек Текебаев «Ала-Арча» резиденциясында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айтты.
Ага «бийликтин бардык рычагдары Садыр Жапаровдун колуна өттү деп жатасыздар. Алдыдагы шайлоолордо административдик ресурс колдонулбайт деп ишенсек болобу?» деген суроо берилди.
«Буга чейинки элдик толкундоолордун бардыгына шайлоодогу мыйзамсыз аракеттер себеп болгон. Азыркы бийлик андан сабак алдыбы же алган жокпу, январь айындагы шайлоонун жыйынтыгы менен көрөбүз», — деди эл өкүлү.
Өмүрбек Текебаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, азыркы тапта Садыр Жапаров сунуштап жаткан бир мандаттык шайлоо системасы өлкөнү 30 жыл артка тартарын билдирди.
«Бизде саясатчылар элге жөнөкөй проблемаларды эле алып чыгып, депутаттардын саны көп, 120 депутат ашыкча деп жатышат. Депутаттардын санын өзгөртүүдөн эч нерсе болбойт. 90 депутат болсо деле азыркыдай абалда калабыз. Бизде проблеманын маңызы — мамлекеттик структурада, министриликте иштегендерди азайтууда эмес. Проблема — максатты туура койо билүүдө. Эми президенттик система орнойт деп жатышат. Анда биз 30 жыл артка кетебиз. Түркмөнстан, Өзбекстандын катарына барып кошулабыз», — деди Текебаев.



