Окуялар

Түндө Орто-Сай базары өрттөндү (ФОТО)

Бишкек шаарындагы  “Орто-Сай” базарында  8-ноябрдан тогузуна караган түнү ири өрт чыкты. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Өрттү өчүрүүгө төрт бригада, бир автошаты, бир суу ташуучу унаа, ыкчам топ, штаб тартылган. Мындан тышкары, ИИМден 10 кызматкер, Тез жардам кызматы иш алып барууда. Кошумча маалымат берилет.



“Орто-Сай” базарынан чыккан өрт саат 02:16да чектөөгө алынды. Жеринде беш өрт өчүрүүчү бригада, бир автошаты, бир суу ташуучу унаа иштеди Өчүрүү иштерин өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов көзөмөлдөөдү.

Кырсык тууралуу ӨКМге 9-ноябрга караган түнү чакыруу түшүп, саат 00:18де алгачкы биригада чыгып кеткен. 

Азырынча жаракат алган адамдар туурасында так маалымат жок.

“Орто-Сай” базары Бишкектин түштүк тарабында Юнусалиев менен Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Бул жерде кийим-кече, азык-түлүк жана тиричилик каражаттары сатылат. Калаадагы ири базарлардын бири.


Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button