Баткен облусунун айылдарын ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча жүрүп жаткан иш-чаралар

Ислам өнүктүрүү банкы жана Сауд өнүктүрүү фонду аркылуу каржыланган Баткен жана Талас облустарынын айылдарындагы ичүүчү суу менен камсыздоо тутумдарын жакшыртуу долбоорунун алкагында Баткен облусунун 44 айылында ичүүчү суу менен камсыздоо тутумдары курулат.
Аталган долбоорго кирген объектилердин тизмесине ылайык 44 айылдын ичинен Лейлек району боюнча 10 айыл, Баткен району боюнча 5 айыл, Кадамжай району боюнча 29 айыл кирген.
Азыркы учурда аталган айылдардын долбоордук сметалык иш кагаздары долбоордук мекеме тарабынан иштелип жатат.
Ал эми Максат айылында жалпы суммасы 12,8 млн.сомзду түзгөн курулуш монтаждоо жумуштары Баткен облусу боюнча түзүлгөн атайын эсептин каражатынан башталып активдүү фазасында жүрүүдө.
Ошондой эле республикалык бюджеттин эсебинен “Капиталдык салымдар” беренеси аркылуу Лейлек районунун Булак-Башы, Чурбек, Даргаз, Миң-Жыгач, Жаңы-Турмуш айылдарында долбоордук сметалык кагаздары бүтүрүү этабында, ал эми долбоордук сметалык иш-кагаздарын жаңыдан даярдоо иштери Маргун, Арка-1, Арка-2 айылдарында башталды, мындан сырткары Баткен районунун Кайынды, Кан жана Сары-Талаа айылдарында долбоордук сметалык иш кагаздарын даярдоо жумуштары жүрүп жатат. Аталган Лейлек районунун Кулунду, Саада, Интернационал, Ак-Арык жана Разаков айылдарында курулуш жумуштары боюнча мамлекеттик сатып алуу порталына жарыялоого даярдыктар 2021 жылдын август айына каралууда.
Бүгүнкү күндө Баткен районун Кыш-Тут айыл өкмөтүнө караштуу Сай айылында жалпы суммасы 21,8 млн.сомду түзгөн курулуш жумуштары башталды.



