Коом

Кыргызстандын Өзбекстан менен чектешкен аймагында кайрадан жер титиреди

Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен аймагында кайрадан жер титиреп, 4 баллга жетти. Бул тууралуу ӨКМ Сейсмология институтуна таянуу менен кабарлады.

Ал бүгүн, 29-декабрь күнү, саат 07:49да катталды.

Жер титирөө Ош шаарында жана Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман, Шарк, Кашкар-Кыштак, Жаңы-Кыштак айылдарында 4 балл, Кара-Суу шаарында, Ак-Таш, Большевик, Отуз-Адыр, Каарман, Кыргыз-Чек, Таштак, Мады, Дыйкан-Кыштак, Жапалак айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала алынган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Эске салсак, ишемби күнү дагы эки өлкөнүн чектешкен жеринде 5 баллдык жер титирөө болгон. Анын кесепетинен Баткендин Кадамжай районунун Совет айылында №21 Кан орто мектебинин, Кайтпас айылындагы №23 Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин жана «Керемет Банк Кадамжай» филиалынын дубалдарынан жарака кеткен.

Мындан сырткары, Баткен районунун Кыштут айылында орто мектептин жана Сай айылындагы «Баластан» балдар бакчасынын, ошондой эле Бөжөй айылында беш турак үйдө, Самаркандек айылында бир тамда жана дагы бир орто мектепте жарака пайда болгон.

Объектилерди кайра калыбына келтирүүгө жергиликтүү бийликке сунуш берилген. Кошумча тактоо иштери жүргүзүлүп жатат.


Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button