Окуялар
Кара-Балтада мушташкандарды арачалайм деген киши комага түштү

Чүй облустук милициянын маалыматы боюнча, мушташ 15 жаштагы өспүрүмдөр арасында чыккан. Анда ижарага самокат берген бала менен кардар чатакташа кетип, массалык мушташка айланган.
Балдарды кафеде эс алып жаткан 46 жаштагы киши келип арачалаган. Бирок ал катуу сабалып, эсин жоготуп ооруканага жеткирилген.
Милиция 15 жаштагы эки өспүрүмдү кармап, райондук сот бирөөсүн үй камагына чыгарса, экинчиси убактылуу кармоочу жайга киргизилди.



