Коом

Прокуратура Данияр Жаныкуловдун ишин текшере баштады

Ош облустук прокуратурасы президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн мурдагы 1-орун басарыДанияр Жаныкуловдун ишин текшере баштады.

«Маалыматты тастыктайбыз. Учурда текшерүү иштери башталды»- дешти Башкы прокуратурадан.

Эскерте кетсек, 13-апрелде Данияр Жаныкуловго түспөлдөш адамдын иш бөлмөсүндө конверт алганы жана акча санап жатканы тартылган видео социалдык тармактарга тараган. Видео ким тарабынан тартылганы жана таратылганы белгисиз. Укук коргоо органдары бул тууралуу комментарий бере элек. Жаныкулов милиция же атайын кызматтын өкүлдөрү өзүн суракка алды деген  маалыматтарды четке какты.

Данияр Жаныкулов биринчи орун басарлык кызматка 2022-жылдын августунда дайындалган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button