Окуялар

Өзгөндө Daewoo Tico унаасы сайга түшүп кетип, эки адам каза болду

Ош облусунун Өзгөн районундагы Чечебай айылында Daewoo Tico үлгүсүндөгү автоунаа сайга түшүп кетип, эки адам каза болду. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 29-ноябрда, болгон. Кырсыктын кесепетинен эки эркек киши каза болуп, эки адам ар кандай жаракат алышкан. Учурда аты-жөнү такталууда.

Жаракат алган адамдар Тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген. Ал эми каза болгон кишилердин сөөгүн туугандары алып кеткен.

Жерине ӨКМдин 4 куткаруучусу тартылып, унааны сайдан чыгарышкан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button