Саясат
«Ишкерлик менен алектенем». Тай-Мурас Ташиев депутаттык мандатын тапшырды
Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Тай-Мурас Ташиев шаардык кеңештеги депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу арыз тапшырды. Бул маалыматты ММК булактарына өзү тастыктаган. Арыз Аймактык шайлоо комиссиясына 4-октябрда берилген. Ташиев мындан ары ишкерлик менен алектене турганын билдирди.
«Өзүм ишкермин. Мандатымды тапшырып, иштерим менен эле алек болоюн деп чечтик үй-бүлөбүз менен», — деди Ташиев.
27 жаштагы Тай-Мурас Ташиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин баласы. Быйыл жайында өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоодо «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан Жалал-Абад шаардык кеңешине депутат болуп келген.



