Коом

Бишкекте 45 окуучудан жана 24 мугалимден COVID-19 аныкталган

Бүгүнкү күнгө карата Бишкектеги эпидемиологиялык абал оор бойдон калууда. Бул тууралуу брифингде Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын билим берүүнү өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Акматова билдирди.

Анын айтымында, 20-апрелге карата коронавирустук инфекция 45 окуучудан табылып, алардын бирөөсү пневмонияга кабылган. “Ошондой эле мугалимдердин арасынан оору жуккан 24 учур катталды, алардын алтысынан пневмония аныкталды. Жалпысынан 3 миң 746 мектеп окуучусу КРВИ менен ооруп жатат”, — деп билдирди ал.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button