Саясат

Марс Сариев: Ташиев Бишкек менен Ташкенттин ортосунда чыңалууну каалагандардын ниетин таш каптырды

Сасий эксперт Марс Сариев КР УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин Ош областынын Өзгөн районундагы Куршаб айыл аймагынын тургундары менен талаштуу чек ара маселелери боюнча Ташкент менен жетишилген келишимге карата өткөргөн жолугушуусу туурасында пикирин билдирди.  

«Камчыбек Ташиевдин Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча өткөн митингке барган сапары ийгиликтүү болду. Мындай кырдаалда башкача позицияны ээлөөгө мүмкүн эмес болчу. Митингде ал иш жүзүндө тургундардын пикирин колдоду, бул бирден бир туура кадам болду.  

Чек ара маселелери митингдердин же көйгөйдү билбеген адамдардын жыйындарынын жардамы менен чечилбейт. Жолугушуу башынан эле патриоттук маанайда өтүп жатканы көрүнүп турду, ошентсе да бул Кыргызстандагы абалды курчутуп жибериши да мүмкүн болчу. Бирок Ташиев кырдаалды түшүндүрүүгө аракет кылды.   

Албетте, 10-майдан кийин боло турган  жолугушууда бул маселени өзбек тарап менен чечүү татаал болот. Бирок менимче, алар деле кырдаалдын татаалдыгын, Кыргызстанда демократиялык башка система бар экенин түшүнүп турушса керек деп ойлойм.

Элдин эркин билдирүүсү – бул жергиликтүү жамааттардын курултайы деп койсок болот. Бирок чек ара маселелери мындай курултайларда дегеле чечилбесин бардык адистер түшүнүп турат. Бирок иш жүзүнө келгенде кесипкөйлүк менен болбосо да бул маселелер кай бир даражада чечилет, бизде бул калыптанып калган көрүнүш.      

Марс Сариев

Ошондуктан өзбек тарап баары бир ымалага келип, бул маселелер боюнча Кыргызстан менен тил табышат деп ойлойм, анткени бизде башка система иштээрин алар түшүнөт. Стратегиялык жактан алганда, Өзбекстан чечүүгө тийиш болгон маселелер абдан эле арбын экенин Мирзиеёв да түшүнүп турат деп эсептейм. Бул Кытайга чыгуу, «Бир алкак – бир жол» долбоорунун алкагында темир жолду куруу, суу сактагычтар сыяктуу маселелер. Себеби, XXI-кылымдын алтыны – бул суу.

Ташиев чебер сүйлөшүүчү катары туура позицияны кармады. Ал Өзбекстан менен болгон келишимдер үзгүлтүккө учурашын каалаган саясий оюнчулардын ниетин таш каптырды. Алардын ою ишке ашса Борбор Азия бирдиктүү экономикалык, келечекте саясий  да аймак боло алмак эмес. 30 жылдан чечилбей келген маселелер чек арадагы чыңалуу сыяктуу чечилбеген көйгөйлөр бойдон кала бермек.

Учурда Тажикстан менен көйгөй чечиле элек. Ташиев сунуштаган биздин аймакта суу сактагычты куруу Тажикстан тарапка агып жаткан дарыялардын агымын жөнгө салмак, бул маселеде Тажикстанды кыйла эпке келтирмек.  

Жалпысынан алганда, тургундар менен болгон сүйлөшүүлөр ийгиликтүү өттү деп ойлойм, тургундарда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы Тажикстан менен болгондой эле чыңалуулардын кала беришине кызыкдар саясий жана геосаясий оюнчулар бар экенин түшүнүк пайда болгону байкалды. Тургундарды бул жолугушуу канаатандырды, ошондуктан алар саясий оюндардын куралына айланбайт деген ойдомун».

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button