Окуялар
Тажиктерден качып бараткан 5 жашар бала каналга агып, көз жумду

Баткен жана Лейлек районундагы чек арадагы чырдан улам каза тапкан кыргыз жарандарынын саны 13кө жетти.
Лейлек районуна караштуу Арка айылынын тургундары тажиктерден качып бара жатканда 5 жашар бала каналга агып кетип, каза болгон. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдирди. Айрым тургундар адырга качып, азыркы учурда ошол жакта отурушат.
Ал эми чырдан жабыркаган кыргызстандыктардын саны — 134.
Жаракат алган 25 адам атайын учак менен Баткенден Бишкекке алынып келинип, Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна, Улуттук госпиталга жана Улуттук хирургиялык борборго жаткырылды.


