Коом

Коронавирус. 277 адамдан табылып, 3 бейтап каза тапты

Кыргызстанда 3-майга карата коронавирус дагы 277 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий-практикалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов билдирди.

Анын айтымында, аймактар боюнча:

Бишкекте – 212,
Ош шаарында – 2,
Чүй облусунда – 49,
Ош облусунда – 5,
Ысык-Көл облусунда – 7,
Нарын облусунда – 1,
Жалал-Абад облусунда – 1.

Ал эми бир сутка ичинде 202 адам коронавирустан айыгып чыккан. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 3 бейтап каза болду. Жалпы каза болгондор – 1 миң 622 адамга жетти.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 498 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 307 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 48 бейтаптын абалы орто оордукта, 375 адамдын абалы оор жана 73 бейтап өтө оор абалда жатат.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 451 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 373 медкызматкер айыгып чыкты”, — деп кошумчалады министрдин биринчи орун басары.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 96 миң 337 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 89 миң 921 киши айыгып чыкса, 1 миң 622 адам каза болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button