Саясат
Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунун акимдери алмашты

Баткен облусунун Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондоруна жаңы акимдер дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, Учкунбек Жоробаев Баткен районунун акими болуп дайындалды. Лейлек районуна Алмазбек Рахманкулов жетекчи болду. Премьердин дагы бир буйругу менен Кутпидин Шакиров облустун Кадамжай районунун башчысы кызматына дайындалды.
Буга чейин Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорун жетектеп келген Акылбек Орозов, Баймурат Бекмуратов жана Абдыманап Жакбаров кызматынан бошотулган.
Ал эми Абдирашит Ташбалтаев өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болду.



