Коом
Чек арадагы абал тынч — ИИМ

Бүгүн, 6-майда Баткен облусунун аймагында, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу экенин Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
«Чек арага чектеш аймактарда түнкүсүн ок атышуулар жана башка окуялар катталган жок. Чек ара тилкелеринде милициянын атайын кайгуул топтору жергиликтүү тургундарга ар кандай укук бузууларга жол бербөө керектигин түшүндүрүп жатышат.
Чек арага чектеш аймактагы коопсуздукту милиция, ички аскерлер карап, Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорундагы бардык чыгымдарды эсептөө жана иликтөө иштерин 48 ыкчам-тергөө тобу жүргүзүп жатат», — деп айтылат билдирүүдө.



