Коом

Кыргызстандын тышкы соодасынын көлөмү төмөндөдү

2025-жылдын январында Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 983,8 миллион долларды түздү, бул 2024-жылдын январь айына салыштырмалуу 17,8% аз. Экспорттук жеткирүүлөр 24,7%га, импорттук түшүүлөр 16,5%га кыскарганын “Акчабар” маалымат порталы жазып чыкты.

Маалыматта айтылгандай, ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода жүгүртүү 2025-жылдын январында 306,1 миллион долларды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,8%га азайган.

Бул багытта республиканын негизги өнөктөштөрү Орусия (65,0%) жана Казакстан (33,1%) бойдон калууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button