Спорт
Арстанбек Базаркулов Токиодо өтө турган Паралимпиада оюндарына лицензия утту

Арстанбек Базаркулов 24-августтан 5-сентябрга чейин Япониянын Токио шаарында өтө турган XVI Паралимпиада оюндарына жеңил атлетика боюнча (ядро түртүү) биринчи лицензияга ээ болду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.
Тактап айтканда Арстанбек Базаркулов үч лицензиялык мелдешке катышып, анын жыйынтыгы менен паралимпиадалык нормативди аткарып, жолдомо алды.
Базаркулов Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында өткөн лицензиялык мелдеште 5-орунду, Тунисте өткөн Гран-приде 4-орунду ээлеп, Швейцариянын Ноттвиль шаарында өткөн Гран-приде коло медаль жеңген.



