Коом

Бишкекте 7 жашар баланы сабаган адам кармалды

Бишкек шаарында 7 жашар баланы сабаган жаран кармалган.

Ленин РИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, 12-апрелде милиция кызматкерлерине Б.А. аттуу аял кайрылган. Анын айтымында, саат 16:00 чамасында Ч.Айтматов проспектисинде жайгашкан билим берүү мекемелеринин биринде окуучулардын биринин атасы 2016-жылы туулган жашы жете элек уулун эч себепсиз сабап салган.

Бул фактынын негизинде Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголду. Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1990-жылы туулган К.Д. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button