Санкт-Петербургдагы окуу жайга Төлөмүш Океевдин бюсту орнотулду

Санкт-Петербург шаарынын Мамлекеттик кино жана телевидение институтунда көрүнүктүү режиссер Төлөмүш Океевдин бюсту орнотулуп, ачылыш салтанаты болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.

Иш-чарага аталган өлкөдөгү элчи Гүлнара-Клара Самат, Жогорку Кеңештин депутаттары, өлкөнүн Кинематография департаментинин өкүлдөрү жана режиссердун туугандары катышты.

Элчи билим берүү мекемесинин жетекчилигине ЖК депутаты Каныбек Иманалиевдин демилгесин колдоп, ишке ашыргандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирген.

“Элчи өз сөзүндө кыргыз киносунун өнүгүшү жана калыптанышы аны эл аралык деңгээлге көтөрүп, өлкөбүздө кино индустриясынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон Төлөмүш Океевдин ысымы менен ажырагыс байланышта экендигин айтып өттү, ошондой эле кыргыз-орус маданий-гуманитардык кызматташтыгын илгерилетүү жана өнүктүрүү элчиликтин ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири экендигин баса белгиледи”, — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле 1955-жылы тартылган “Салтанат” аттуу алгачкы кыргыз көркөм тасмасынын жаңыртып жазылганын Россиянын “Госфильмофондунан” алуу боюнча элчилик тарабынан көрүлгөн иштер белгиленген. Фильм өлкөнүн Маданият министрлигинин Кинематография департаментине берилди.

Даңазалуу кино жаратуучу Төлөмүш Океев СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын ээси болгон. Ал Санкт-Петербург шаарынын Мамлекеттик кино жана телевидение институтунда окуган.

Океев “Бакайдын жайыты”, “Уркуя”, “Көк серек”, “Кызыл алма”, “Алтын күз”, “Кожожаш” тасмалары менен кыргызды дүйнөгө тааныткан. 2001-жылдын 18-декабрында 66 жаш курагында жүрөк оорудан Анкарада каза таап, сөөгү “Ала-Арча”